Бишкек  27 июль, 2021-жыл – Кыргызстан, Казакстан, Таджикистан, Түркмөнстан, Өзбекстан 2021-жылдын 26-27-июль күндөрү Душанбе шаарында (Тажикстан) Климаттын өзгөрүшү боюнча Борбор Азиянын Төртүнчү Конференциясында (КӨБАК-2021) Борбордук Азиядагы климаттык саясаттын түптөлүшү жана ишке ашырылуусунун алкагында жетишилген натыйжаларды жана тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Конференция офлайн жана онлайн режимде режиминде өттү. Бул маалматты UNDP Kyrgyz Republic билдирди.

КӨБАК-2021 Дүйнөлүк Банк / ИКМФСА “Арал деңизинин бассейниндеги климаттык өзгөрүүлөрдү адаптациялоо жана азайтуу программасы” (CAMP4ASB) долбоорунун алкагында Борбордук Азиянын Регионалдык Экологиялык Борбору (БАРЭБ) тарабынан Тажикстан Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте уюштурулган.

КӨБАК-2021, уникалдуу мандатты жүзөгө ашырган БАРЭБ ишмердүүлүгүнүн башталгандыгынын 20 жылдык юбилейине карата уюштурулган: айлана-чөйрөнү коргоо жаатында улуттук жана аймактык көйгөйлөрдү чечүүдө Борбор Азия өлкөлөрүнө жардам берүү болуп саналат.

БАРЭБ 2001-жылы Борбор Азиядагы беш өлкө болгон: Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Түркмөнстан, Өзбекстан Республикасы, ошондой эле Европа Биримдиги жана БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан түзүлгөн.

«БАРЭБтин уникалдуу мандаты, өлкөлөрдүн бардык региондорундагы  кеңселерибиздин иш алып баруусу жана кесипкөйлөр тобу ошондой эле донорлордун жана өнөктөштөрдүн колдоосу биздин ишмердүүлүгүбүздүн 20 жыл ичинде 50 миллиондон ашуун АКШ долларын түзгөн 250дөн ашык долбоорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берди,” –  дейт БАРЭБтин аткаруучу директору Зафар Махмудов.

Биринчи жолу КӨБАК-2021де Борбордук Азия өлкөлөрүнүн айлана-чөйрөнү коргоо жана экология министрлери катышкан жогорку деңгээлдеги сегменттеги аймактык кызматташуунун келечеги жана көйгөйлөрү талкууланды.

2021-жылы Париж келишиминин алкагында климаттын дымактуу максаттарына негизделген өлкөлөрдүн беш жылдык цикли аяктайт. Эми Улуттук деңгээлде аныкталган салымдарды (УДАС) ишке ашырууга убакыт келди.

Кыргызстандагы УДАСты жаңыртуу жана ишке ашыруу процесси БУУнун Өнүктүрүү Программасы тарабынан “Климаттык келечек” (Climate Promise) аттуу  Дүйнөлүк Глобалдык Демилгесинин алкагында колдоого алынат. Париж макулдашуусунун максаттарына жетүүгө көмөктөшкөн жаңыланган УДАС 2021-жылы ноябрда Улуу Британиянын Глазго шаарында болуп өтүүчү БУУнун Климаттык өзгөрүү боюнча Алкактык Конвенциясынын Тараптардын 26-конференциясында (ТК-26) көрсөтүлөт.

КӨБАК-2021 жарандык коомдун катышуусу менен Париж келишимин ишке ашыруу боюнча улуттук деңгээлде иштелип чыккан климаттык стратегияларды, саясатты, УДАСты Борбор Азия өлкөлөрү талкуулоо үчүн өз платформасын сунуштады. Негизги билдирүү БА өлкөлөрүнүн дымактуу максатка жетүү үчүн күч-аракеттерин интеграциялоо болуп саналат, анын маңызы глобалдык орточо температуранын 1,5 °Сден жогору көтөрүлүшүн алдын алуу болуп саналат.

КӨБАК-2021 Борбор Азия өлкөлөрүнө парниктик газдардын бөлүнүп чыгышын азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча глобалдык иш-аракеттерге өз салымын күчөтүү үчүн Глазгодо өтүүчү БУУнун Климаттык өзгөрүү боюнча Алкактык Конвенциясынын Тараптар Конференциясындагы 26-сессиясында өз позицияларын координациялоого мүмкүнчүлүк берди.

КӨБАК-2021дин дагы бир глобалдык темасы климаттык каржылоо болду. Борбордук Азиядагы учурдагы каржылоонун обзоруна кошумча, улуттук жана регионалдык деңгээлдерде климаттын өзгөрүшүн азайтуу үчүн потенциалдуу финансылык ресурстар сунушталды.

КӨБАК-2021 регионалдык диалогуна Борбордук Азиянын айлана-чөйрөнү коргоо министрликтеринин жетекчилери, мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, академиялык институттардын, климаттын өзгөрүүсүнө  каршы күрөшүү боюнча жаштар топторунун, эл аралык уюмдардын жана эл аралык өнүгүү банктарынын өкүлдөрү катышты.

“Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы биздин өнөктөштөр жана донорлор менен биргеликте суу ресурстарына, айыл чарбасына жана башкаларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга багытталган ар кандай демилгелерди колдойт. Дүйнөнүн 190 өлкөсүнө, анын ичинде Борбор Азия чөлкөмүнө жардам көрсөтүүнү көздөгөн глобалдык демилгелер бар. Алардын ичинде беш өлкө тең ушул ноябрь айында Глазго шаарында өтө турган 26-конференцияда жолугушат. Биз Париж келишиминин улуттук шайкештик компонентин колдоп жатабыз. Алдыга көз чаптырсак, Борбор Азия өлкөлөрү бир аз ийгиликтерге жетишип жатат жана 2050-жылга чейин парник газдарынын чыгарылышын нөлгө чейин азайтууга багытталган атайын стратегияларды иштеп чыгуунун узак мөөнөттүү келечегине көңүл буруу керек деп айта ала,” – деди директордун орун басары Аги Верес айым, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Европа жана КМШ боюнча Регионалдык бюросу.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышуучуларга Париж келишимине улуттук салымдары жаңыртуу боюнча иштер кандай жүрүп жаткандыгын, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар көрүлүп жаткандыгын айтып беришти. Буга Кыргызстандагы Айлана-чөйрө жана климат боюнча мамлекеттик комитетин түзүү, Казакстандагы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча мыйзамдарды кабыл алуу, климаттын өзгөрүүсүнүн табигый көрүнүштөрү боюнча иш алып баруу жана Тажикстандагы жергиликтүү жамааттар менен иштөө, жашыл аянттарды масштабдуу отургузуу кирип. Түркмөнстан, Өзбекстанда жаңылануучу энергияны жана энергиянын натыйжалуу пайдалануу сыяктуу жаңылыктарды камтып кетти.

Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Динара Кутманова айым өлкөбүздөгү экологиялык көйгөйлөрдүн абалы жөнүндө кыскача маалымат менен бөлүшүп, мындай деди: “Акыркы жылдары климаттын өзгөрүшүнүн терс таасири барган сайын Кыргызстанда да сезилип жатат. Биздин өлкө, коңшу республикалар сыяктуу, климаттын өзгөрүшүнө эң аярлуу өлкөлөрдүн бири жана анын терс кесепеттерине биз көбүрөөк кабылабыз. Ошого карабастан, Борбор Азия чөлкөмү абага зыяндуу заттардын бөлүнүшүн азайтуу жана туруктуу климаттын өзгөрүшү боюнча иш-чараларга өз салымдарын  кошуп келүүдө. Кыргызстан туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү, ошондой эле климат боюнча Париж келишиминин милдеттенмелерин аткаруу багытында иш-аракеттерди максаттуу улантууда”.

Кыргыз Республикасы, дүйнөлүк коомчулуктун көптөгөн башка өлкөлөрү сыяктуу эле, 2019-жылдын ноябрь айында Париж келишимин ратификациялап, климаттын өзгөрүшүнө алып келүүчү парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтууга милдеттенди жана экономикалык ишмердүүлүктү төмөн көмүртектүү моделге өткөрүү ниетин тастыктап, климаттык туруктуулукту жогорулатууга бел байлады. Бул милдеттенмелер улуттук чыгындыларды азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине ыңгайлашуу боюнча ар бир өлкөнүн күч-аракетин бириктирген УДАСтын шарттарында көрсөтүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.